Келгенден кийин арыз берүү

Келгенден кийин чет өлкөлүк жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамдаштырылган төмөнкү документтерди тапшырат:

> Ректордун атына арыз;

> Паспорттун түп нускасы жана көчүрмөсү, анын орус тилине күбөлөндүрүлгөн котормосу;

> Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп берген баштапкы виза жана каттоонун көчүрмөсү;

> Тиешелүү билим деңгээли жөнүндө документтин түп нускасы жана көчүрмөсү, окулган предметтер жана баалар көрсөтүлгөн, анын орус тилине күбөлөндүрүлгөн котормосу;

> Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген билим деңгээлинин эквиваленттүүлүгү жөнүндө күбөлүк;

> ВИЧ, В, С, D вирустуу гепатиттери, безгек жана флюорографиянын жыйынтыктары менен медициналык справка (№ 086/у формасы);

> 3х4 см өлчөмүндөгү 8 сүрөт;

> Чет өлкөлүк жарандарды чет өлкөлүк медициналык ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн келип чыккан өлкөнүн талаптары боюнча башка зарыл документтер.