БЭМИге кабыл алуу эрежелери

> Бардык чет өлкөлүк жарандар, өзгөчөлүктөрсүз, БЭМИде билим алуу укугуна ээ.

> Чет өлкөлүк жарандар, 12 жылдык орто билим жөнүндө аттестатка ээ болгон учурда, адистик программалары боюнча окуу укугуна ээ жана кабыл алуу сынактарына катышуу үчүн документтердин топтомун түздөн-түз кабыл алуу комиссиясына тапшырышат.

> Чет өлкөлүк жарандарды жогорку билим берүүнүн негизги билим берүү программалары боюнча окутуу келишимдик негизде, жеке жана (же) юридикалык жактар тарабынан окуу акысынын төлөнүшү менен күндүзгү формада жүргүзүлөт. Келишимдик негизде окутуу шарттары БЭМИ менен чет өлкөлүк жаран же анын мыйзамдуу өкүлдөрү ортосундагы келишим менен аныкталат.

> Атайылап жалган документтерди тапшырган чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу сынактарынан автоматтык түрдө четтетилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартылат.

> Чет өлкөлүк жарандар 560001 “Лечебное дело (адис/дарыгер)” адистиги боюнча окуу пландарына жана багыттарына ылайык 5 жылдык окуу мөөнөтү менен окушат.

> Чет өлкөлүк жарандар үчүн кабыл алуу сынактарынын датасы, орду жана формасы Кабыл алуу комиссиясы тарабынан аныкталат.

> Кабыл алуу сынактары негизги предметтер боюнча жазуу жүзүндөгү бланк тесттер түрүндө компьютердик иштетүү менен жүргүзүлөт:

  • Химия - 20 упай
  • Биология - 20 упай
  • Англис тили - 20 упай

Чет өлкөлүк жарандарды кабыл алуу БЭМИге кабыл алуу эрежелери жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленген мөөнөттөрдө жана тартипте, төмөнкү шарттарды сактоо менен жүргүзүлөт:

- бардык зарыл документтерди берүү;

- кабыл алуу сынактарын ийгиликтүү тапшыруу;

- жеке жана (же) юридикалык жактар менен келишим түзүү;

- келишим суммасын төлөө.

Чет өлкөлүк жарандарды БЭМИге кабыл алуу ректордун буйругу менен расмийлештирилет.