Жаңылыктарга кайтуу

БЭМИ / Жаңылыктар

БММИ студенттеринин АЗМИдеги SurgX эл аралык олимпиадасына катышуусу

БММИ студенттеринин АЗМИдеги SurgX эл аралык олимпиадасына катышуусу

2026-жылдын 21-апрелинде Кант шаарындагы АЗМИ базасында Бишкек жана Манас шаарларынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында «SurgX» дисциплинасы боюнча эл аралык олимпиада өттү.

Олимпиадага 10 команда катышты. Конкурстук программа бир нече этаптан турду: базалык билимди текшерүүгө багытталган блиц-викторина жана интерактивдүү тапшырмалар.

БММИден иш-чарага Patidar Deep, 6-семестр; Kusuma Raju, 8-семестр; Eswaran Dinagaran, 8-семестр; Yazvi, 6-семестр курамындагы команда катышты.

Команданы даярдоо жалпы билим берүү жана медициналык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Жапаралиева Арукенин жетекчилиги астында жүргүзүлдү.

Катышуунун жыйынтыгында БММИ командасы олимпиадага активдүү катышканы үчүн сертификаттар менен сыйланды.