2025-жылдын 28–29-июнунда Ысык-Көлдө «Эне жана бала» — «Илим жана алдыңкы тажрыйба» аттуу 15-юбилейлик эл аралык форум ийгиликтүү өттү.
Форум Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз акушер-гинекологдор жана неонатологдор ассоциациясынын, Кыргыз репродуктологдор жана эмбриологдор ассоциациясынын жана Бишкек эл аралык медициналык институтунун колдоосу менен саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын алкагында өткөрүлдү.
Илимий-практикалык иш-чарага Кыргызстан, Россия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Түштүк Корея жана Сербиядан келген алдыңкы окумуштуулар жана адистер катышты.
Катышуучулардын арасында Астрахань мамлекеттик медициналык университетинен профессор Сергей Петрович Синчихин, Н.Н. Пирогов атындагы Россия улуттук изилдөө медициналык университетинен доцент Лела Сергеевна Джохадзе, Бухара мамлекеттик медициналык институтунан профессор Гульчехра Акмаловна Ихтиярова, Ашхабаддан Мая Дурдыева, Түштүк Кореядан профессор Шин Хен Тэ жана Сербиядан Александра Вейнович болду.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы штаттан тышкаркы акушер-гинекологу, БММИнин профессору, медицина илимдеринин доктору Арсен Аскерович Аскеров белгилегендей, форумда талкууланган концептуалдык маселелер эң актуалдуу клиникалык темаларды чагылдырып, үзгүлтүксүз медициналык билим берүүнүн алкагында республиканын адистерин жогорку эл аралык стандарттарга ылайык даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

