2025-жылдын 26–27-сентябрында Алматы шаарындагы «Достук» мейманканасында менопауза жана андропауза боюнча II Евразиялык конгресс өттү.
Конгрессте медицина илимдеринин доктору, БММИнин клиникалык дисциплиналар кафедрасынын башчысы А.А. Аскеров «Перименопаузалык мезгилде заара кармай албоосу бар аялдарды алып баруу» темасында баяндама жасады.
Конгресстин алкагында менопауза жана андропауза мезгилинде бейтаптардын ден соолугун жана жашоо сапатын сактоонун натыйжалуу ыкмаларын аныктоого багытталган изилдөөлөр талкууланды.
Окумуштуулар жана адистер гормоналдык терапия, нутрициология, физикалык активдүүлүк жана психологиялык колдоо жаатындагы акыркы илимий жетишкендиктерди талкуулашты.
Иш-чара ар кандай адистиктеги дарыгерлердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүп, климактериялык синдромду дарылоого комплекстүү мамилени өнүктүрүүгө өбөлгө болду.

