2026-жылдын 22-апрелинде Кыргызстандын эл аралык университетинин базасында ERASMUS+ GREEN KG долбоорунун алкагында «Жашыл келечек форуму: студенттер — туруктуу өзгөрүүлөрдүн лидерлери» аттуу эл аралык студенттик эко-конференция өттү.
Бишкек эл аралык медициналык институтунан иш-чарага Deep Patidar, 6-семестр, GM 3-23 жана Vishal Mandloi, 8-семестр, GM 2-22s катышты.
Илимий жетекчилик жана коштоо окутуучу-наставник Максутали уулу Айбек тарабынан жүргүзүлдү.
Студенттердин конференцияга катышуусу алардын туруктуу өнүгүү, экологиялык демилгелер жана эл аралык кызматташтык жаатындагы билимдерин кеңейтүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чара ошондой эле студенттердин заманбап дисциплиналар аралык долбоорлорго катышуу үчүн зарыл болгон изилдөөчүлүк жана коммуникативдик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берди.

