Жаңылыктарга кайтуу

БЭМИ / Жаңылыктар

Стамбулдагы медициналык конгресс

Стамбулдагы медициналык конгресс

2024-жылдын 5–8-июлунда институттун ректору, медицина илимдеринин доктору, профессор А.А. Самигуллина жана кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору А.А. Аскеров түрк тилдүү өлкөлөрдүн 1-эл аралык медициналык конгрессине катышты.

Стамбулдагы медициналык конгресс кесиптик тажрыйба алмашуу, медицинанын актуалдуу маселелерин талкуулоо жана эл аралык илимий байланыштарды бекемдөө үчүн маанилүү аянтча болду.

БММИ өкүлдөрүнүн мындай иш-чараларга катышуусу эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, кесиптик байланыштарды кеңейтүүгө жана алдыңкы тажрыйбаны институттун билим берүү жана илимий ишмердүүлүгүнө киргизүүгө өбөлгө түзөт.