2025-жылдын 25-февралында медицина илимдеринин кандидаты, жалпы билим берүү жана медициналык дисциплиналар кафедрасынын доценти Н.А. Осмоналиева Уфа шаарында өткөн «Инновациялык илимий изилдөөлөр, теория, методология, өнүгүү тенденциялары» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.
Иш-чаранын алкагында окумуштуулар жана практик адистер акыркы илимий жетишкендиктерди талкуулап, тажрыйба алмашып, өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты.
Н.А. Осмоналиева «XXI кылымда улгайган адамдардагы жаракат алуунун актуалдуулугу жана жыштыгы. Улгайган адамдардагы көкүрөк клеткасынын жабык жаракаттары» темасында илимий-изилдөө ишин сунуштады.
Илимий-изилдөө иши үчүн Н.А. Осмоналиева сертификат, ыраазычылык кат, ошондой эле I жана II даражадагы дипломдор менен сыйланды.

