2025-жылдын 7-апрелинде Бишкек эл аралык медициналык институту Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата Бишкек шаарындагы карыялар жана майыптыгы бар адамдар үчүн «УМУТ УЙУ» муниципалдык социалдык-стационардык мекемесинде кайрымдуулук акциясын өткөрдү.
Акциянын алкагында институттун окутуучулары жана студенттери аталган мекемеде жашаган карыяларга жана майыптыгы бар адамдарга медициналык жардам көрсөтүштү.
Иш-чаранын жүрүшүндө электрокардиографиялык изилдөөлөр, кандагы глюкозанын деңгээлин өлчөө, кан басымын өлчөө жана терапевт дарыгерлердин консультациялары өткөрүлдү.
Акциянын максаты — медициналык жардам көрсөтүү гана эмес, ошондой эле карыялардын ден соолугуна кам көрүүнүн маанилүүлүгү тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана жаш муун менен улуу муундун ортосундагы байланышты бекемдөө.
БММИнин ректору Альфия Самигуллина: «Биз жардамга жана камкордукка муктаж адамдарды колдоону өз милдетибиз деп эсептейбиз. Бул акция — карыялардын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга кошкон салымыбыз», — деп белгиледи.
БММИ мындан ары да социалдык жактан аялуу топторду колдоого багытталган ушундай иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда.

